ЖЫЛНААМА, 30-АПРЕЛЬ: "Даңазалуу кылым" сериалында Сулейман султандын ролун ойногон түрк актёру Халит Эргенч 47 жашка толду

"Даңазалуу кылым" сериалында Сулейман султандын ролун ойногон түрк актёру Халит Эргенч бүгүн, 30-апрелде 47 жашка толду. Ал Стамбул шаарында 1970-жылы төрөлгөн. Орто мектепти бүткөн соң 1988-жылы Стамбул шаарындагы Технологиялык университетке өз каалоосу менен тапшырган. Бирок күнүмдүк жашоосуна акча табыш үчүн оператор, маркетолог болуп иштегенге мажбур болуп, бир жылдан кийин окуусунан айдалган. 1996-жылы Халит үчүн жашоонун жаңы барагы ачылат. Ошентип Түркиянын кино айдыңында көздөрү көк асмандай тунук, кумарлуу Халит Эргенч аттуу актёр пайда болот. 2012-жылы актёр "Даңазалуу кылым" сериалына баш-оту менен киришип, Султан Сулеймандын ролун мыкты деңгээлде аткарган.

Андан сырткары Халит Эргенч "1001 түн", "Зерда", "Биринчи махабат", "Конок" сыяктуу тасмаларда көрүнүктүү ролдорду жараткан.

30-апрелдин жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
dastan_nookat
2017-04-30 13:16:27
Кутуктайм Сулейман
+1
doping
2017-04-30 15:23:55
Мен 17ге
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан