Өзгөндөгү Аюу айылында көчкү астында калган дагы бир адамдын жансыз денеси табылды

Издөө иштеринин натыйжасында көчкү астында калган дагы бир адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 30-апрелде билдирди.

"Издөө иштеринин натыйжасында 2017-жылдын 30-апрель күнү саат 14:15те эки кыздын жансыз денелери табылган. Алар 2005-жылы туулган Адина Маманова жана 2015-жылы туулган Мадина Хабибилаева. Ошондой эле саат 17:40та дагы бир кыздын, 1997-жылы туулган Гүлайым Назирбаеванын жансыз денеси табылды. Издөө иштери уланууда", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин Өзгөн районундагы Заргер айыл аймагынын Аюу айылында бүгүн эртеӊ менен жааган мөндүргө байланыштуу издөө-куткаруу иштери убактылуу токтотулган. Ал эми түштөн кийин кайрадан издөө иштери жанданган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
ALIZEI
2017-04-30 20:38:26
жаман иш болду кайтыш болгондордун жакындарына сабыр тилейм.Алла баарыбызга тынчылык берсин.
+7
jass
2017-04-30 22:14:18
Эскертуу берилген жерлерди мажбурлап кочуруш керек
+5
baltabai
2017-05-02 13:36:57
Өзгөчө кырдалдар эскертүү берген экен, адамдар уунашпай койдуго ХХХ
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан