8-май күнү Москвада кыргызстандык Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Ороз Мамралиевди сыйлоо аземи болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди. Жеңиш күнүн белгилөөгө арналган иш-чара “Кыргызстан” соода борборунда өттү. Чакырылган сыйлуу коноктордун арасында Москвадагы кыргыз диаспорасынын аксакалдары, Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин, коомдук уюмдардын өкүлдөрү болду. Анда "Кыргызстандыктар" коому согуштун ардагери Ороз Мамралиевди куттуктап, баалуу белектерди тапшырды.
“Бизди бири-бирибиз үчүн бекем турууга үйрөтүшкөн. Ошон үчүн Улуу Ата Мекендик согушта жеңдик. Эгер биз биримдикте жана ынтымакта жашасак, анда элибиз өз башынан өткөргөн кыйынчылыктарды жеңет”,- деди ардагер Ороз Мамралиев.
Айта кетсек, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Ороз Мамралиев 1945-жылдан бери Орусиянын Москва шаарында жашайт. Согуш бүткөндөн кийин ал Кремль кавалериялык полкунда кызмат кылган. Бүгүнкү күндө ал Орусиядагы эң улуу кыргыз аксакал болуп эсептелет.