ЖЫЛНААМА, 1-МАЙ: Белгилүү драматург, акын, театр артисти Жеңишгүл Өзүбекова 62 жашка чыкты

Белгилүү драматург, акын, журналист, театр артисти, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жеңишгүл Өзүбекова бүгүн, 1-майда 62 жашка чыкты. Ал 1955-жылы 1-майда Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл районуна караштуу Тору-Айгыр айылында жарык дүйнөгө келген. Жеңишгүл Өзүбекова 1971-жылы Бишкектеги №5-орто мектебин, 1978-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин Кыргыз филология факультетин аяктаган.

Эмгек жолун 1972-жылы Кыргыз Мамлекеттик драма театрында актриса болуп иштөөдөн баштаган. Кийин Кыргыз телерадиокомпаниясында диктор, Киров райондук элдик театрында режиссёр, улуттук телерадиокорпорациясында "Кыргызсериал" студиясында башкы редактор болуп иштеген. Мектепте окуп жүргөндө эле чыгармачылыкка аралашып, ырлары, новеллалары күндөлүк гезит-журналдарга чыгып, телерадиодон уктурулган.

Биринчи ырлар жыйнагы 1987-жылы "Жан сырым" деген аталышы менен жарык көргөн. Жеңишгүл Өзүбекова 20дан ашуун пьесанын автору. Алгачкы чыгармасы "Кыял" (мелодрама) 1988-жылы Нарын театрында, "Апамдын махабаты" 1989-жылы Токтоболот Абдумомунов атындагы академиялык драма театрында (режиссёру Жамал Сейдакматова) коюлган. Ал эми "Карагыз" трагедиясы 1990-жылы "Туӊгуч" Жаштар театрында (режиссёру Алмазбек Сарлыкбеков), "Күйөө сатам" комедиясы 1997-жылы "Туӊгуч" театрында (режиссёру Нурлан Абдыкадыров), "Толгоо" психологиялык драмасы мамлекеттик академиялык драма театрында (режиссёру Замирбек Сооронбаев) коюлган. Драмалары башка тилдерге которулуп, Казакстандын Өскемен драма театры "Толгоо" драмасын, Тажикстан академиялык драма театры "Тозок" драмаларын сахналаштырган.
Жеңишгүл Өзүбекова Кыргыз улуттук телерадиокорпорациясында тартылган алгачкы кыргыз сериалдарынын негиздөөчүсү. "Ак босого" аттуу автордук берүүсүндө гендердик тематикага байланыштуу көйгөйлөрдү чагылдырган. 2004-жылы Ялтада өткөн эл аралык телекинофестивалда "Карагыз" толук метраждуу көркөм фильми үчүн Гран-при сыйлыгынын жеңүүчүсү болуп, 2009-жылы Москвада өткөн эл аралык детективдик фильмдердин фестивалында "Каражолтой" телесериалы үчүн атайын сыйлык жана диплом менен сыйланган. 1999-жылы "Апамдын махабаты" деген аталыш менен ырлар жана драмалар жыйнагы жарык көрүп, ал жыйнак үчүн Кыргыз Республикасынын жаштар сыйлыгына татыктуу болгон. 2005-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.
1-майга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан