Кыргыз пианисти Азамат Сыдыков америкалык опера ырчысына үйлөндү (фото)

Кыргыз күүсүн чет жерде даңазалаган, Америкада жашаган кыргыз пианисти Азамат Сыдыков америкалык опера ырчысы Николета Раллиске үйлөндү. Мындай кабарды ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу 29-апрелде билдирди.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын март айында Нью-Йоркто "Кыргыз обондору Нью-Йоркто" ("Sounds of Kyrgyzstan in New York City") аталышындагы концерт өтүп, анда Николета Раллис композитор Калый Молдобасановдун "Ысык-Көл вальсы" чыгармасын аткарган.

Азамат Сыдыков 1986-жылы 3-февралда Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келген. 1993-2000-жылдары Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте, 2000-2004-жылдары Москвадагы борбордук музыкалык мектепте, 2004-2009-жылдары Пётр Чайковский атындагы мамлекеттик консерваторияда (бакалавр), 2009-2012-жылдары ошол эле консерваторияда (аспирантура) билим алган.

2011-2013-жылдары АКШнын Нью-Йорк шаарындагы атактуу "Mannes School of Music" консерваториясында тажрыйба топтоп, 2013-2015-жылдары ошол окуу жайда (аспирантура) билимин уланткан. 2009-жылы "Дүйнөнүн мыкты пианисти" деп табылган. 2016-жылы январь айында АКШнын Нью-Йорк шаарында пианинодо белгилүү комузчу Атай Огомбаевдин "Маш ботой" күүсүн аткарып, америкалыктарды таң калтырган. Музыка аткарылып бүткөндөн кийин пианинону тегеректеп тургандар жапырт кол чаап, кубатташкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (33)
Leilona
2017-05-01 13:59:02
Элим кайда баратабыз
-10
Azatbek83
2017-05-01 21:21:31
Leilona,сен озун каяка баратасын?!!
0
mir777
2017-05-01 14:06:13
хочу у вас было "Кыргызская любовь" а не американская
+3
kairatibraev94
2017-05-01 14:09:06
Жакшы бирок кыргызга уйлонсо мынданда жакшы болмок
+3
ikitaidesu
2017-05-01 14:20:22
мусульман еместердин кызын алсанар алгыла бирок мусульман емеске мусульман кызды бербегиле деп айтылат. себеби алса мусулмандын саны кобойот ал еми берсе азайат.
+5
BarsBaatyr
2017-05-01 15:02:41
Бакыт каалайбыз!
0
Sharipa-asia
2017-05-01 15:05:45
Бактылуу болушсун
+1
solntse95
2017-05-01 15:59:36
Экоо окшош экен
+1
Aidani
2017-05-01 16:08:29
Кыргыз жигити башка улутка уйлонсо таза кыргыз торолбойт митс торолот ушинтип отуруп таза кыргыз жоголот
0
Agayu
2017-05-01 16:55:17
Азаматсын.Бактылуу болгула , Кыргыз экенин унутпаса болгону.
0
Bolunbo.kyrgyz
2017-05-01 19:14:18
Кызынарды кытайга 100 мин 200 мин $ саткыла кытай уже ээлеп алганы калды жерди кыздар алдагы жеринерге ыссык темирди баса турган болдунар
-5
sonisoni
2017-05-01 21:07:32
Бактылуу болушсун балалуу болушса кыргыз да ...
-1
Azatbek83
2017-05-01 21:22:20
Молодец бактылуу болгула
-1
k.anara
2017-05-01 22:15:21
Мындан бир аз мурун башка сайттан окуганда super.kg ге чыкса элдер катуу талкууга алса керек деп ойлодум эле.Мага жакты,жакшы жанылык.Бактылуу болушсун.Эми чыгаан музыкант торолсо керек Кудай буюрса.
-1
aerforce
2017-05-01 23:10:37
Озу Американецке эле окшоп калыптырго)
0
Aiya-2012
2017-05-02 14:41:36
kyrgyz kizdary bashka ulutka tiyse jaman korunush dep ayabay talkuu bolot , a kyrgyz jigit bashka ulutka uylonso ech kim unchukpayt go?! kayda tilinen chan chikkan sinchilar? AUu
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан