АКШнын президенти Дональд Трамп президенттик жумушун сүйөрүн билдирди

АКШнын президенттик кызматына расмий киришкендигине 100 күн толгонуна карата Дональд Трамп CBS News басылмасынын журналисттерине маек берген. Анда ал өзүнүн жумушуна толук канааттанарын, жумушунан ырахат алып жатканын айткан.

"Бул ар убак чакыруу, негизи жашоонун өзү чакыруу. Бул кызмат чындыгында мен сүйгөн жумуш, менимче, баары ойдогудай болуп жатат”, - деп билдирет Трамп.

Аны менен катар президенттик жумуш оор экенин, бирок андан да оор кызматтарды аркалаганын билдирип, бирок бул тууралуу 8 жылдан кийин айтуу керектигин айткан.

Ал 100 күндүк президенттик мөөнөтүндө 38 мамлекеттин лидерлери менен 70 телефондук сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн, андан сырткары 17 өлкөнүн жетекчилери менен жолугушууларды өткөргөнүн айткан. Ошондой эле ал Пенсильвания штатында болуп өткөн митингде анын администрациясы өлкө тарыхында эӊ жакшы жумуш кылгандыгын, күн сайын өлкөдөгү кырдаалдын жакшырышы үчүн кызмат кыларын билдирген.

29-апрелде белгилүү болгондой, Трамп куралдуу күчтөрдүн бюджетин жогорулатууну пландап жаткандыгын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан