29-30-апрель күнү футбол боюнча өлкө биринчилиги – Топ-Лиганын 4-турдук оюндары Ош шаарында жана Кочкор-Атада болуп өттү. Футбол лигасы кабарлагандай, “Алай” - “Абдыш-Атаны” кабыл алса, “Нефтчи” – “Кара-Балта” менен ойноду.
Маалым болгондой, Ошто “Алай” канттык командадан мыкты болду. Оюндун 1-таймында үй ээсинин командасы эки жолу айырмаланган. Оюнга чекитти Максат Алимов 79-мүнөттө койду. Эсеп 3:0. Бул жеңиш менен “Алай” 10 упай топтоп, турнирдик таблицада 1-орунга көтөрүлдү.
Ал эми “Нефтчи” өз үйүндө “Кара-Балтаны” кабыл алып, 1:0 эсебинде жеңишке жетишти. Кочкор-Атанын командасы бул жеңиш менен Топ-Лигадагы алгачкы 3 упайына ээ болушту.