Канада аралынын жээгинде эбегейсиз чоң айсберг пайда болду

Бийиктиги 46 метрди түзгөн айсберг Канада аралынын жээгине чыгып, туристердин көңүлүн буруп, көпчүлүгүндө кызыгуу жаратып жаткан учуру. Бул туурасында өткөн жумада "Euronews" жазып чыкты.

Маалыматтарга караганда, Ньюфаундленд аралына эбегейсиз чоң айсберг сүрүлүп келип, кичинекей Феррилэнд шаарчасын туристердин көңүлүн бурган эң популярдуу жайга айлантты. "Титаник" кырсыкка кабылган айсбергдин бийиктиги 30 метрди түзсө, бул айсбергдин бийиктиги 46 метр келип алда канча чоңдук кылат.

"Негизинен муздун бөлүктөрү кызыл зонада турат. Азыркы учурда күчтүү шамалдан улам муздар жээкке жакындоодо. Ошондуктан олуттуу жаратылыш кырсыктарына алып келиши мүмкүн", - деп билдирет жээк күзөтчү кызматкери.

"Айсберг мурдагы абалына салыштырмалуу бир кыйла бөлүктөргө ажырап жээкке жакындап калган. Бирок жакынкы аралыкта эч кайда сүрүлүп кетпейт" деген маалыматтар да айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Nur1k
2017-05-01 16:24:49
Гигантго
0
Ronaldo.99
2017-05-01 16:27:04
Охоо соонун корунот го
+5
Jazka.j
2017-05-01 16:30:40
аябай чоңго
+2
KAYRATBEK
2017-05-01 16:53:37
Бул айсбегдин пайда болгонуна 10кундон аштыго ММКлар 10 мурун айтып чыгышкан бул кунго чейин ээрип деле уетсе керек.
0
Agayu
2017-05-01 17:08:21
Абдан сонун корунот экен , эх чиркин жанында турист болуп суротко тушсон..
+1
anuvar0903
2017-05-01 18:56:44
Сүрөтко түшсөң
0
nur_zhoni
2017-05-02 00:54:38
Алып келип айылдын жогорусуна коюуш керек экен бир жыл эгин суугарганы суудан кыйналбайт элек
0
admin_portal
2017-05-02 14:09:54
Nur1k, Uson13, Саламатсызбы?Порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан