Ош шаардык билим берүү башкармалыгы 25-май - Акыркы коңгуроо аземинде мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн кафе-ресторандарда иш-чара өткөрүүсүнө, унаалар менен шаар кыдыруусуна, жаратылышка эс алууга чыгуусуна жана мектеп мугалимдерине акыркы коңгуроо аземи үчүн акча чогултуусуна тыюу салынды. Маалыматка ылайык, мындай чечим мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн коопсуздугун сактоо максатында кабыл алынды. Белгилей кетсек, 7-май күнү Ош шаарында шаардык билим берүү башкармалыгынын, мектеп директорлорунун, Ош ШИИБинин өкүлдөрүнүн катышуусунда атайын жыйын болуп өткөн.