Бүгүн, 1-май. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Өзгөндөгү Заргер айыл аймагынын Аюу айылында жер көчкүдө калган 24 жарандын азырынча үчөөсүнүн гана жансыз денеси табылды. Адам өмүрлөрүн алып кеткен кырсык 29-апрель күнү таң эрте болуп, 1 миллион метр куб жер көчкү 7 үйдү басып калган. Бийиктиги 10 метрге чейин жеткен жер көчкүнү бүтүндөй казып, калган 21 адамды таап чыгуу мүмкүн эмес деген ойду улам бирөө айтып, аны бүгүн муфтият дагы колдоп чыкты. Тирүү калгандар болсочу? Бул Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн учурда өзөктүк суроо болуусу зарыл. Аталган министрликтин милдети жер басып калган, кар басып калган адамдардын сөөгүн казып чыгаруу эле эмес, ириде андай кырсыктардын, курмандыктардын алдын алуу.
Суук кабар жалпы элдин кабыргасын кайыштырып турганда өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин кайрылуусу коомчулукту силкинтти. Өлкө башчысы жалпы журтка кайрылуусунда жер алдында калгандарды “2-3 күн мурун көчкүлө дешсе көчпөй коюшуптур. Малдын башы баланыкынан артыкпы? Азыр аларды көчкүнүн астынан чыгара албай жатабыз. Аларга мүлк эмес, 8 метр бөз буйрубай жатат”, - деп сындады. Ажонун өз элине карата мындай мамилеси араң кармалып турган плотинаны бузуп кеткендей эле болду. Буга чейин дагы тынч уйкуда жаткан 35 жаран Боинг учагынын астында калганда каргаша болгон жерге басып барбаганы үчүн ажо калың элдин кескин сынына кабылган эле.
Аймагы Кыргыз өлкөсүнө салыштырмалуу чоң, калкынын саны эселеп көп болгон АКШ, Орусия өңдүү өлкөлөрдүн башчылары деле мындай трагедиялуу окуяларда калкы менен бирге болуп, жылуу сөзүн айтууга убакыт табышат. Күтүлгөндөй эле коомчулукта бүгүнкү окуяны мурункуларга, бүгүнкү президентти мурдагы үч президентке, башка өлкөлөрдүн башчыларына салыштыруу башталды. Аскар Акаевдин Сөгөт айылындагы жер көчкүдөн кийин жабырлануучуларга тегизинен үй салдырып бергени, Курманбек Бакиевдин Нурага барганы, Роза Отунбаеванын бронежилетчен, автоматчан кайтаруучулардын коштоосунда Оштогу кандуу кыргындан кийин ал жакка барганы, элдин абалынан кабар алышканы, кол сунуп, жылуу сөзүн айтышканы эскерилүүдө. Учурдагы президентти Ак үйдөн чыгарбай ким тушоо болуп жатканы белгисиз.
Коомчулук казуу, жер алдында калган адамдарды издөө иштерине алаксып, маанилүү суроолор күн тартибинен акырындап артка жылып баратат. Ажо дагы, өлкөнү башкарып жүргөн башка жооптуулар дагы “көчкүлө деп эскертүү берилген экен” деген кепти айтышып, жер алдында калгандардын өздөрүн күнөөлүү кылып көрсөтүшүүдө. Бирок ошол “көчкүлө” деген сөз менен кошо эмне шарттар сунушталды эле? Жер бөлүнүп берилдиби? Убактылуу жашап тургула деп коопсуз жайга чатыр тигип, ичин жылытып беришти беле? Турак жай берилди беле? Үй курууга каражат берилди беле? Ушулардын баары сунушталган болсо эмне үчүн ушул күнгө чейин документтер көрсөтүлбөй жатат? Куру сөз менен “көч” деп эскертип коюу калкка кам көрүү деп саналбайт. Мамлекеттин негизги байлыгы, булагы – эл болуп саналат. Жогорку кызматтарда, калктын тагдырын чечүүчү посттордо отургандар элдин акчасына эл үчүн кам көрүшү керек. Тескерисинче эмес.
Москвада 14 кыз-келиндерибиз тирүүлөй өрттөнүп кетишти. Расмий айтылбаса дагы “мыйзамдуу иштешсе болмок. Өз укуктарын билишпейт, коргоно алышпайт”, - деп тымызын сындоо болду. Атүгүл аза күтүү күнүндө журт башылар биригип алып Баш мыйзамды өзгөртөлү деп талкуулап отурушту. Жыл башында 35 жаран күтүүсүз кулаган Боингдин астында набыт болду. “Ал жерге жашабаш керек болчу, уруксаты жок аймакка үй салып алышкан”, - деп ал окуяда дагы маркумдарды тымызын сындоо жүрдү. Эмне үчүн ал тумандуу таңда учак “Манаска” конмокчу болду? Ал жүк деги кимдики эле, салык төлөнбөй турган ууру жүк беле? Буга окшогон далай суроо жоопсуз калды. Жабыркаган эл мамлекеттин камкордугун сурап жүрүп кыштан чыкты. Эми жер көчкүнүн астында калгандарды “көчпөй коюшкан” деп сындоо жүрүп жатат. Өкмөт, бийлик буга окшогон окуяларга жалпылап көз салып, көйгөйлөрдүн өзөгүн качан издейт? Бул окуялар элибиз жыргап, жашоо-шарты жакшырып кеткенинен болуп жатабы? Аргасыздык, чарасыздык жарандарыбызды жанын оозуна тиштеп иштөөгө, өмүрүн тобокелчиликке байлап жашоого аргасыз кылып жаткан жокпу? Карапайым калктын Кыргызстаны ушундай. Ал журт башындагылар “коңшу өлкөлөрдөн бай жашап жатабыз” деп сыпаттаган Кыргызстандан кескин айырмаланат...
Эки журналисттин араздашуусу бир нече күндөн бери талкууга алынууда. Жергиликтүү гезиттердин биринде иштеген Үпөл Анаркулова аттуу журналист Жогорку Кеңештин бир депутаты аны “10 эркекке салып берип зордуктатам” деп коркутканын айтып чыккан. Көп өтпөй сөз КСДП фракциясынын депутаты, журналист Жылдыз Мусабекова тууралуу болуп жатканы белгилүү болду. Үпөл Анаркулова “сөздөрүмдүн баарынын далилдери бар, Мусабекова менен сүйлөшүүнү жаздырып алгам”, - деп өзүнө ишенимдүү. Бирок аудио же видео жазууларды жарыялап далилдей элек. Ал эми айрым басылмалар “Анаркулова депутат айым тууралуу чындыкка туура келбеген макала берген экен. Эркекче сүйлөп, эркекче иш кылган депутат айым сөксө сөгүп койгондур...”, - деп Жылдыз Мусабековага жан тартышууда. Эгер бул чындык болсо депутат “зордуктатам” деп коркутпай тийиштүү органдар аркылуу өз укугун коргоосу керек. Таң калыштуусу, окуянын ак-карасын иликтөө максатында кайрылган журналисттерге депутат айым “башка эрмегиңер жокпу? Эмне, Американы ачтыңарбы?”, - деп опурулууда. Зордуктоо, зордуктатам деп опузалоо Кылмыш-жаза кодексинде олуттуу кылмыш деп саналат. Бирок депутат айым үчүн ал эрмек болуп көрүнөт сыяктуу...