Аксы районунда Токтосун Тыныбековдун 90 жылдык мааракесине арналып өткөн төкмө акындардын айтышынын жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда SUPER.KG порталына маданий иш-чаранын катышуучусу Гүлзада Абдырахманова билдирди.
"Төкмө акындардын айтышы жогорку деңгээлде уюштурулуп, мыкты айтыш болду. Жыйынтыгында акын Шекербек Адылов баш байгени жеңип алды. Ал эми биринчи орунду Идирис Айтбаев, экинчи орунга Амантай Кутманалиев алды. Үчүнчү орунду Асылбек Маратов ээледи", - деп билдирди Абдырахманова.
Эске салсак, 1-майда өткөрүлгөн акындардын айтышына 16 төкмө ат салышкан.
Токтосун Тыныбеков 1927-жылы Аксынын Тегене айылында туулган. Кыргызга белгилүү төкмө акын. 1960-жылы ага "Кыргыз ССРине эмгек сиңирген артисти" наамы берилген. 1953-жылы СССР Жазуучулар союзуна мүчө болгон. "Биринчи эмгек" аттуу ырлар жыйнагынын автору. Акын 1982-жылы каза болуп, анын ысымы 1987-жылы өзү туулган айылдагы орто мектепке ыйгарылган.