Актан Арым Кубаттын "Кентавр" тасмасы Бельгияда өткөн фестивалда баш байгени алды

Актан Арым Кубат режиссёрлук кылган "Кентавр" тасмасы Бельгияда болуп өткөн "MOOOV" кинофестивалында баш байгени алды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге бүгүн, 2-майда тасманын продюсери Алтынай Койчуманова билдирди.

"Баш байгени алганыбызды биз да кечээ билдик. Фестивалга фильмдин режиссёру катышты. Байге акчалай сыйлык иретинде жана тасманы Бельгия, Нидерланды, Люксембургда прокатка чыгаруусуна кепилдик берет экен. Режиссёр бүгүн учуп келет, ошондо бул тууралуу толук маалымат алууга болот. Ал эми аталган өлкөлөрдө "Кентавр" тасмасы 2018-жылдын жаз мезгилинен тарта прокатка чыгат", - дейт продюсер.

Фестиваль 18-апрелден 30-апрелге чейин өткөнүн, "Кентавр" тасмасын көрүүчүлөр жылуу кабыл алышканын Алтынай Койчуманова кошумчалады.

Белгилей кетсек, 26-мартта Берлинде дүйнөлүк премьерасы өткөн, коомчулукта чуу жаратышы мүмкүн делген "Кентавр" тасмасынын улуттук премьерасы болуп өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Beka.sss
2017-05-02 12:26:51
Кандай бу Кыргыз фильмдери эле бирди ала берет чет олкого барып эле же кинодон онугуп кетпедик да жакшы элди алаксыткан конулун которуп жылмаю тартуулаган ак орго сити,но нейм,моника беллучи жана башка тамашооудун балдары тарткан кинолор жакшы
0
pixduel1
2017-05-02 15:05:15
Чын эле кинолор тартылып, чет жерде байге алып жатат дегенди угасын. Чынына келгенде мындай эле кызыксыз кино болот, комедийный жакшы сапаттуу кинолорду тартышса эмне болот?!
0
admin_portal
2017-05-02 16:36:37
taranchi14, 1. Кимдир-бирөөнү мазактоого жол берилбейт.
2. Этика нормаларына туура келбеген сөздөрдү жазуудан алыс болуӊуз.

0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан