2012-жылы өлкөдө 103,5 миң гектар айдоо жери бош калган

2012-жылы өлкөдө иштетилбей калган жерлер 2011-жылга салыштырмалуу 8 миң гектарга азайган же былтыр бош калган айдоо жерлеринин көлөмү 103,5 миң гектарды түзгөн. Бул тууралуу 2012-жыл боюнча өкмөттүн отчётунда жазылган. Белгилүү болгондой, былтыр 52,1 миң гектар жер сугат суусу чыкпагандыктан, 18,2 миң гектар жер алыста жана таштак болгондуктан, 13,3 миң гектар жер суунун жетишсиздиги жана сугат каналдарынын оңдолбой калгандыгынан, 5,8 миң гектар жер сазга айланып кеткендиктен, 2,6 миң гектар жер күйүүчү-майлоочу майлардын, үрөндүн жана техниканын жетишсиздигинен, 5,2 миң гектар жер акча каражаттарынын жетишсиздигинен айдалбай калган.  

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан