Кыргызстанда 2012-жылы 375,8 чакырым жол оңдолгон. Бул тууралуу 2012-жылы аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча өкмөттүн отчётунда жазылган. Анын ичинде 136,5 чакырым жолго асфальт төшөлсө, 119 чакырым жолго быдыр бетон жабуу жүргүзүлгөн, 128,9 чакырым жолго шагыл, 2 чакырым жолго кара шагыл төшөлгөн. Ошондой эле өлкө боюнча 5 көпүрө курулган.