"Өнүккөн мамлекеттерде кете турган президент шайлоону өткөрүп, мөөнөтү бүткөнчө күтүп турат", - деди бүгүн, 2-майда парламентте "Ата Мекен" фракциясынын лидеринин милдетин аткаруучу Алмамбет Шыкмаматов.
Анын айтымында, Орусияда жана Америкада биринчи шайлоо өтүп, президент мөөнөтү бүткөнчө күтүп турат.
"Конституциянын 61-беренесинде так жазылып тургандай, президент 6 жылдык мөөнөткө гана шайланат. Мыйзамды бурмалаганга жол берилбейт. Ал эми 63-берененин 2-бөлүгүндө президенттин ыйгарым укуктары жаңы президент ишине киришкенден тартып токтотулат деп жазылууда. Бул жерде инаугурация жөнүндө сөз болуп жатат. Эки берене бири-бирине каршы келген жок. Баарыбыздын максатыбыз - президенттик шайлоону легитимдүү өткөрүү болуп саналат. Президент 1-декабрга чейин ыйгарым укуктарын өткөрүп бериши керек. 15-октябрга жылдыруу жакшы. Экинчи турду, соттук процедуралар болуп калышы мүмкүн. Ошолорду эске алып 1-октябрга жылдырса болобу?" - деп сурады.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова БШКнын мыйзамга ылайык иштерин айтты. "Борбордук шайлоо комиссиясы Конституциялык мыйзамга ылайык, шайлоону өткөрүү менен иштейт. Азыркы тапта мыйзамда канчасы десе ошого баш ийебиз. Ал эми өзгөртүүлөр киргизилсе, ошол мыйзам боюнча иш алып барабыз", - деди БШКнын төрайымы.
Жогорку Кеңеште "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтүүдө.