Жалал-Абад. Жеңиш күнүн жалал-абаддыктар мыкты деңгээлде майрамдышты
Бүгүн, 9-майда Жалал-Абад шаарындагы "Жеңиш" сейил багында Улуу Жеңиштин 68 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Ага өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Жумагүл Эгембердиева, шаардын биринчи вице-мэри Урмат Маматов, шаардык кеңештин төрагасы Мураталы Тагаев жана башка мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар тургундары катышты. Сейил бактагы өчпөс отко Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана жарандар гүлдесте коюшкан соң куран окулду. Андан кийин ардагерлерге аскердик сый тамак берилип, иш-чара концерттик программа менен аяктады. Айта кетсек, учурда облус боюнча 254 Улуу Ата Мекендик согуштун жана 283 ооруктун ардагери бар. Шаар боюнча 24 ардагер болсо, анын 21 бүгүнкү иш-чарага келип катышты.