Якутиялык 8 жаштагы альбинос кыз моделдик агенттиктердин көӊүлүн бурууда

Якутиялык 8 жаштагы альбинос кыз Нариана өзүнүн өзгөчө келбети менен дүйнөлүк моделдик агенттиктердин көӊүлүн бурууда. Интернетке анын сүрөттөрү тараган соң аны "Сибирдин апакайы" деп атай башташканын чет элдик басылмалар бүгүн, 2-майда жазып чыга башташты.

Нариана Якутиядан болот. Анын ата-энеси жана бир туугандарынын чачтары, көздөрү кара. Апасы Елена кызынын сүрөттөрү саркеч журналдарга жарыяланышын каалабайт.

"Кызымдын модель болушуна көптөгөн сунуштар түштү. Бирок анын өзүнүн бала чагы болушу керек", - дейт Елена. Учурда "апакай кызга" белгилүү дүйнөлүк моделдик агенттиктердин өкүлдөрү көз салып жаткандыгына байланыштуу ата-энеси кызына жеке агент алууну чечишти.

Белгилей кетсек, альбиностор – табышмактуу, сырдуу, сулуу жана планетадагы сейрек кездешүүчү адамдар. Тактап айтканда, алар – териси, чачы, каш-кирпиктеринен бери аппак болуп төрөлгөндөр. Медициналык статистикага таянсак, дүйнөдөгү ар бир 20 миң адамдын бири альбинос болуп төрөлөт. Оору тукум кууган оорулардын түрүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
nurka85
2017-05-02 21:22:34
Бул жанылык кечетен бериле инстаграмда журот.
0
Maks_shop
2017-05-02 22:48:36
Не дегени ал?
-2
Santini
2017-05-03 00:06:36
Ар бир 20 мин адамдын бири деп турат. Кыргыздар 6 миллионго жеьип калдык бир да альбинос кыргыз жок го...
+4
kechirmeni
2017-05-03 08:48:32
Santini,Ошто мен билгенден 2-3 бар, 30-40 жаштагы жигиттер
0
sabirdinovich
2017-05-03 14:58:20
Santini, Эсептеп көрбөйсүңбү бизде болжол менен 6000000 киши десек, анын ар 1/20000 и = (6000000:20000)*1=300 болот.
Демек, биздин өлкөдө альбинос адамдар боло турган болсо 300 киши болот. Бирок алардын бизде болуу ыктымалдуулугун да эсептөө керек. Ал башка суроо.
+1
ayva
2017-11-01 22:15:25
Santini,бар бишкекте #49 мектепте учунчу класс та окуган кыз бар аты эсимен чыгып жатат чон энесинин аты Аида ишенбегендер келип коргуло
0
simone
2017-05-03 00:43:31
Ошто бир жигит бар,аппак.
0
kudaiberdieva98
2017-05-03 00:51:42
simone, бети кызылго анын
-1
Lekarstvosvoegomuja
2017-05-03 08:57:02
Бул дагы Аллахтын бир керемети, кудурети
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан