Америкалык актёр, "Чаяндар падышасы" ("Царь Скорпионов") фильминде башкы ролду аткарган Дуэйн Жонсон 45 жашка чыкты. Ал 1972-жылы 2-майда АКШнын Калифорния штатындагы Хэйворд шаарында туулган. 12 жашынан баштап спорт менен активдүү машыга баштаган.
Актёр "Мумия кайтып келет" ("Мумия возвращается"), "Кадамды кенен таштап" ("Широко шагая"), "Амазонканын кенчтери" ("Сокровища Амазонки"), "Doom", "Түштүк жомоктору" ("Сказки Юга"), "Желмогуздун тоосу" ("Ведьмина гора"), "Тиш сыйкырчысы" ("Зубная фея"), "Форсаж 5", "Форсаж 6", "Форсаж 7", "Форсаж 8" жана башка бир катар тасмаларда роль жараткан.
Жеке жашоосу
Дуэйн Жонсон 7 жыл Дэни Гарсия аттуу кыз менен жарандык никеде жашап, 1999-жылы расмий түрдө ага баш кошкон. 2001-жылы түгөйлөр кыздуу болушуп, 6 жылдан кийин ажырашып кетишкен. Кийин актёр Лорен Хашиан аттуу айым менен мамиле куруп, 2015-жылы андан кыздуу болгон.
2-майга карата жылнаама.