Кытайдын Чжухай шаарынын аэродромунда биринчи жолу AG600 гидро учагы сыноодон өтүп, толугу менен учууга даяр. Сыноо иштери учактын ылдамдыгынын эффективдүүлүгүн жана туруктуулугун чоң жолдо текшерүү үчүн жүргүзүлгөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Учак сыноодон ийгиликтүү өткөн, азырынча абага көтөрүлө элек, бирок учууга даяр. Жерде сынап көрүү иштери май айларына белгиленсе, күз мезгилинде сууда текшерилет. AG600 учак-амфибия дүйнөдөгү эӊ чоң кургактыкта да, сууда да жүрүүчү учак. Канаттарынын узундугу- 38,8 метрди түзсө, жалпы корпустун узундугу - 36,9 метрге жетет. Анын көлөмү эӊ чоӊ жүргүнчүлөрдү ташуучу Boeing 737 учагы менен барабар.
AG600 токой өрт коопсуздуктары менен күрөшүү үчүн чыгарылган. Ал 12 саат бою абада болуп, 4,5 миӊ чакырымга чейин уча алат. Максималдуу ылдамдыгы саатына 500 чакырымды түзөт.