Президент Алмазбек Атамбаев согуш ардагерлерин жана жалпы кыргыз элин Жеңиш күнү менен куттуктады. “Улуу Ата Мекендик согуштун ардактуу ардагерлери, эмгек каармандары! Урматтуу мекендештер! Сиздерди Улуу майрам – Жеңиш күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Согуш алааматы совет өлкөсүнүн дээрлик ар бир үй-бүлөсүнө залакасын тийгизди. Бирөөнүн атасы, бирөөнүн уулу, күйөөсү, бир тууганы согушка кетип, кан майдандан кайткан эмес. Бүгүн бардыгыбыздын таазим кылып, эскере турган адамдарыбыз бар. Мен дагы ошол согуштун ардагеринин уулумун. Мен үчүн да бул ыйык майрам. Атам согушта катардагы жоокер катары салгылашкан. Майдандан кайтып келгенден кийин атам ошол каргашалуу согуш жөнүндө айткысы келчү эмес. “Бардык жаман нерсе артта калышы керек” деп эсептечү. “Келечекке, жакшылыкка ишенип, ал үчүн күрөшүш керек” дечү. Ардактуу ардагерлерибиз, сиздердин өмүрүңүздөр биз үчүн мекенчилдиктин, өз өлкөсүн сүйүп, ардактоонун, жаратман эмгек аркылуу урпактар үчүн жаркын келечек куруунун үлгүсү. Кымбаттуу мекендештер! Тилекке каршы, жыл өткөн сайын Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен эмгек каармандарынын катары суюлуп бара жатат. Жыл өткөн сайын эски жарааттар козголуп, жылдар өзүнүкүн ала берет тура. Ошондуктан биз ардактуу ардагерлерибиздин ар бир күнүн камкордукка алып, алардын турмушуна өзгөчө көңүл бурууга милдеттүүбүз. Улуу Жеңиш ар бир шаардан, айылдан, көчөдөн, ар бир үйдөн жана үй-бүлөдөн жаралган өлкөбүздөгү тынчтыктын жана туруктуулуктун баалуулугун эскертип турат. Аталарыбыздын каарман эрдигин унутууга акыбыз жок. Өлкөбүздүн келечеги үчүн биз Жеңиш күнүн ардактап, Кыргызстанда тынчтыкты жана бейпилдикти көздүн карегиндей сактоого милдеттүүбүз. Биз эркин, эгемендүү, гүлдөгөн Кыргызстанды курууга бардык күч-аракетибизди жумшашыбыз керек. Мына ошондо гана кан майданда каза тапкан аталарыбыздын арбагы алдында жүзүбүз жарык болот. Ардактуу ардагерлер, көп жашагыла! Улуу Жеңиш күнүндө сиздердин эрдигиңиздерге таазим кылабыз! Улуу эмгегиңер үчүн терең ыраазычылык билдиребиз! Сиздер бар – ырысыбыз бар. Биздин бактыбызга көп жашагыла! Бар болгула, аман болгула! Жаңыдан бутуна туруп келаткан Кыргызстандын жакшылыгын көргүлө! Сиздерге чың ден соолук, бейпил турмуш, бакубатчылык жана узак өмүр каалайм!”- деди президент.