Трамп менен Путин Сириядагы согушту токтотуу маселесин телефон аркылуу талкуулашты

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Орусиянын президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүп, Сириядагы абалды талкуулашты. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, Трамп менен Путин Сирия өтө көп убакыттан бери азап чегип жатканына жана бардык тараптар зомбулукту токтотуу үчүн аракет көрүүсү керектигине макул болушту. Мындан тышкары президенттер Жакынкы Чыгыштагы терроризм менен күрөшүүдөгү бирдиктүү иштерди талкуулашты.

АКШ менен Орусия лидерлери Түндүк Кореядагы өтө коркунучтуу абалды жөнгө салуу маселелерине дагы токтолушту.

Путин менен Трамп телефондон байланышты үзбөөнү, 7-8-июлда Гамбургда өтө турган “Чоң жыйырмалык” саммитинин алкагында жеке жолугушуу уюштуруу керектигин билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан