Бишкектеги Д.Асанов атындагы "Жеңиш" сейил багында бүгүн, 9-майда мэрия уюштурган Улуу Жеңиштин 68 жылдыгына арналган эскерүү митинги болду. Аталган жайдагы өчпөс отко гүлчамбар коюлуп, андан соң Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду 1 мүнөттүк эскерүү орун алды. Ага шаардык кеңештин депутаттары, мэр, Орусиянын Кыргызстандагы элчиси жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери катышып, сөз сүйлөштү. Ошондой эле 9-Май майрамына карата тарткан мектеп окуучуларынын чакан сүрөт көргөзмөсү да уюштурулду. Эскерүү митингинен соң ардагерлерге жана шаар тургундарына концерттик программа тартууланды.
Айта кетсек, Бишкек шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун 568, эмгектин 2438 ардагери бар.