2017-жылы адамдын башын, кийинки жылы баш мээсин көчүрүү операциясы өткөрүлөт

Италиялык нейрохирург Сержио Канаверо адамдын башын трансплантациялоо туурасында айтып, маймылдын башын башка маймылдын денесине тиккен. Арадан бир канча убакыт өткөн соң хирург адамдын башын гана эмес, мээни да көчүрүүнү пландап жаткандыгы тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Баш алмаштыруу боюнча Сержио Канаверонун биринчи бейтабы орусиялык Валерий Спиридонов болмок. Ага жүлүндүн тубаса начар иштеши деген диагноз коюлган. Нейрохирургдун амбициалык планы өзгөрүп, биринчи бейтабы болуу укугу Кытайдын жаранына өткөн. Анын аты-жөнү азырынча айтыла элек. Операция анын коллегасы Шаопинг Рендин катышуусунда болот. Бул уникалдуу операция ушул жылдын декабрь айында өткөрүлөрү пландалууда. Эгерде операция ийгиликтүү болсо, хирург баш мээни трансплантациялоо боюнча иштей баштайт. Анын айтымында, мээни көчүрүү бир кыйла оор болот. Мисалы, адамдын мээси башка денеге кандай реакция кылары белгисиз. Операция үчүн Сержио Канаверо тоңдурулган адамдын баш мээлерин колдонот. Адистин айтымында, 2018-жылы атайын тоңдурулган бейтаптар жашоого кайтып келе алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Begmat1992
2017-05-03 16:28:57
Кудай сактаа ошондо байлар бийлердин заманы келеби тондурулган адамдар кайра жашоого келсе?кыямат кайым жакындап калганбы мине
+3
surgeon777
2017-05-03 17:03:52
Карыганда дененди жаш денеге алмаштырып алып журсон...
0
Kroxa
2017-05-03 18:13:28
Анда эле болду байлар карып баратканда башын мээсин башка бирооно тиктирип алып журуп олбос кощейлер коп болот го....андай операцияны деле которо алгандар которот болсо керек..кудайды бир карашпайт...
+1
Abdusamat.kg
2017-05-03 18:56:54
120 депутаттын башын алмаштырып көрүш керек...
+4
jigit.paren
2017-05-03 19:50:24
Бир кезде Корей беле же Кытай беле айтор "Игра" деген кино болду эле карыган чал жаш жигиттин денесине жүлүнү менен мээсин алмаштырып. Ошол фантастикалуу кино чын болот экен да ээ жараткан.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан