Бүгүн, 3-май. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Интернет желесине КСДПнын депутаты Жылдыз Мусабекова менен журналист Үпөл Анаркулованын телефондук сүйлөшүүсүнүн аудиосу тарады. Сүйлөшүүдөн гезитке депутат тууралуу такталбаган маалымат жарыяланганы, ошону териштиргени Мусабекова журналист кызга чалып, коркутуп, мазактаганы түшүнүктүү болот. Гезитке жазылган макала үчүн Мусабекова коркутуп жатканын журналист буга чейин айтып чыккан эле. Андай телефондук сүйлөшүү чын эле болгону аудиожазуу менен тастыкталды. КСДПнын ММКлардын үстүнөн жазган миллиондук доо арызы ага өзгөчө ишеним берип жаткан өңдүү, бийлик партиясы баштап берген трендди улантып Мусабекова дагы кабарчыны миллиондоп доого жыгарын айтып коркутканы белгилүү болду. Бир гана нерсе түшүнүксүз, бийликчил партиянын өкүлдөрү "сасык" сөздөрдү каалагандай айта беришсе болот, “башкалар” айткан сөзүн далилдеп бериш керекпи? Мисалы, ошол эле Мусабекова кызды “пелёнкада жаткан жалапсың да”, - деп басмырлап жатат. Депутат айымдын кебине караганда бул сөздөрү үчүн "жооп беришим керек" деген ою жок.
“Эртеӊ барып бетиӊди таанылгыс кылып түздөп, тилип, туз сээп кетем”, “териӊди тескери сыйрып, 10 эркекке салып берем”, “Мусабекова деп жазылган ар бир сөз үчүн миллиондон доо коём”... Булар эл өкүлүнүн оозунан чыккан сөздөрдүн айрымдары гана. Эгер гезит, журналист депутат тууралуу чындыкка туура келбеген маалыматты тараткан болсо анда мыйзам чыгаруу органынын өкүлү мыйзамдуу жол менен укугун коргоосу керек. Сот аркылуу укугун коргоону, ак-караны ажыратууну азырынча эч ким жокко чыгара элек. Бирок КСДПнын өкүлүнө криминалдык чөйрөдө өкүм сүргөн ыкманы пайдалануу ыңгайлуу окшойт. Мыйзамдуу жүрүм-турумдун үлгүсүн элге биринчи кезекте мыйзам жазгандар өздөрү көрсөтүүгө тийиш. Бийликчил партиянын мүчөлөрү маселени мыйзамдуу жол менен эмес, билген жериӊе арыздан, териӊди сыйрыйм, зордуктатам, бетиӊди түздөп салам деп кара күч менен чечишеби? Окуяны ар тараптуу иликтөө максатында депутат айымга кайрылган журналисттерге да “башка ишиӊер жокпу? Эмне, Американы ачтыӊарбы?” деп опурулган эле.
Мусабекова ушуну менен экинчи ирет коомдук жеменин астында калды. Буга чейин мугалимдерди саанчы, чабанга окшош дегени үчүн катуу сындалып, жек көрүндү болгон. Эл кайгыга батып турганда Боинг учагы кулаган жерден сүрөткө түшүп, интернетке жүктөгөнү да сындардын толкунун жараткан. Ал эми бул жолку жоругу ансыз деле коомчулукта аброю түшүп бараткан депутат деген статусту тебеледи. Жарандык коомдун кескин сынына кабылып турган КСДП партиясынын беделине доо кетирди. "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиӊирген ишмер" деген наамды булгады. КСДПнын лидери Иса Өмүркулов депутаттын жоругу тууралуу “баарыбызды шок кылды”, - деди. Бул маселе фракциянын келерки отурумунда сөзсүз караларын баса белгиледи. Жанар Акаевди партиянын генералдык линиясына ылайык келбеген иш-аракеттерди жасап жатат деп фракциядан чыгарган саясий кеңеш бул аялды да фракциядан айдайбы?
6 миллион кыргыз “жашоону оӊдойт” деп үмүт кылган депутаттардын деӊгээли, көз карашы ушундай. Мындай адамдын Жогорку Кеӊеште отурушу туурабы? Салык төлөөчүлөр кайсы кыйраткан салымы үчүн буга окшогон “маданияттуу” мыйзам чыгаруучуларга олчойгон айлык төлөп, унаасын бензин, сапарга чыкса тамак-аш, жатаканасынан бери камсыздашы керек?..
Дыйкандарга эми менчик жерин күрөөгө коюп Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондунан насыя алууга шарт түзүлүүдө. Депутат Акылбек Жапаров сунуштаган мыйзам долбоору парламентте 1-окууда талкуудан өттү. Аталган фонддун төрагасы Кубанычбек Кулматов демилгенин максаты дыйкандарга кам көрүү экенин айтып жатат.
Депутат Эльвира Сурабалдиева фонддун насыясы чиновниктерге, тааныш-билиши барларга берилип жөнөкөй ишкерлерге жетпей жатканын эскертип өттү. “Белгилүү адамдарга насыя берүүдө фонддун аброюн да ойлоп койгула”, - деди Сурабалдиева. Кулматовго ишенсек, фонд бир дагы саясатчыга кредит берген жок.
Адатта жеӊилдетилген насыялар"жогору" жактагыларга байланышы барларга гана берилип, чындап колдоого муктаждарга толук жетпей калат. Албетте, фонддун акчасы саясатчылардын колуна түз берилбейт. Бирок чиновниктердин досторуна, тууган-туушкандарына берилип эле жатат. Мисал - “Республика – Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановдун жакындарынын атына фонддон 17 миллион доллар кредит берилиши. 17 миллион доллар аз акча эмес, бул кредиттик келишим мурдагы премьер, парламенттеги ири фракциянын лидери Бабановдун катышуусусуз түзүлүшү мүмкүнбү? Бир туугандык мамилелердин саясатка аралашкан учурлары көп болот. 2014-жылы ошол кездеги айыл чарба министри Чыӊгысбек Узакбаевге кылмыш иши козголуп, кийин райондук сот тарабынан күнөөлүү деп табылган. Экс-министр бир тууганынын дыйкан чарбасына мыйзамсыз 419 миӊ доллар кредит берүү боюнча кол алдындагыларга буйрук берген деп күнөөлөнгөн.
Аталган фонддун сайтындагы маалыматка таянсак, кредиттер 1 миллион долларга чейин, 5 миллион долларга чейин, 10 миллион долларга чейин жана 25 миллион долларга чейин деп 4 бөлүк боюнча берилет. Бабановдун жакыны алган 17 миллион доллар акыркы пунктка илинет. Бирок анда насыялар айыл чарба, өндүрүш, жабдык чыгаруу өӊдүү тармактарга берилери так жазылып, “соода тармагына берилет” деген пункт жок. Ал эми соодага берилет делген кредиттердин шартында акчанын 50 пайызы фонддон, 50 пайызы банктан каржыланат деп турат. Бабановдун жакындарынын “Азия Молл” соода борборун курууга алынган 17 миллион доллардын жарымы банктан алынды деген сөз жок. Ошентип айыл чарбаны өнүктүрүүгө, Кыргыз мамлекетин ЕАЭБдин шартына ыӊгайлаштырууга, элдин жашоосун жакшыртууга жумшалат деген акчаны ортодо колунда мүмкүнчүлүгү барлар элге жеткирбей жулуп кетүүдө. Бул акчалар ондогон, балким, жүздөгөн дыйкандын ырыскысы...