Инженердик түйүндөрдүн оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу айрым унаа жолдор жабылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы кабарлады.
Капиталдык курулуш тармагынын жетекчилигинин билдирүүсүнө караганда 3-майдан тарта Калык Акиев жана Турусбеков көчөлөрү жабылды. Калык Акиев көчөсү Токтогул жана Чокморов көчөлөрүнүн аралыгында июль айына чейин жабылат. Бул мөөнөт жолду оңдоо иштерине да байланыштуу экени жазылат маалыматта.
Ошондой эле Турусбеков көчөсү Абдымомунов көчөсүнөн Рыскулов көчөсүнө чейин жылуулук тармагынын оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жабылары маалым болду. Оңдоо иштери май айынын акырына чейин уланат. Көчөлөрдө жаралчу тыгындарды алдын алуу максатында мэрия шаар тургундардан альтернативдик маршруттук каттамдарды түзүүгө чакырат.