Жеңиш майрамы Жумгал районунда да белгиленди

Бүгүн, 9-Май - Жеңиш күнүн Нарын облусунун Жумгал районунун тургундары да өзгөчө шаң менен белгилешти. Райондун борборунда аскердик парад болуп, район жетекчилери менен Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери “Жеңиш” аянтына барып, аталган каардуу согушта курман болгондорго арналып тургузулган эстеликке гүлчамбар коюшту. Андан соң асманга ок атылып, согуштан кайтпай калган жоокерлерге багышталып куран окулду. Майрамдын жүрүшү кайрадан райондун борбордук аянтында улантылып, согуш ардагерлерине театр жана маданият кызматкерлери тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды. Анда райондун акими А.Исагулов чыгып сөз сүйлөп, ардагерлерге өз куттуктоосун айтты. Белгилей кетсек, бул күнү ардагерлер үчүн Жумгал райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан ардагерлердин ар бирине 2000 сомдон акчалай жардам көрсөтүлүп, сый тамак уюштурулду.

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан