Улуу Ата Мекендик согушка Жумгал районунан 5575 эр-азамат барган

1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта Жумгал жергесинен 5575 эр-азамат эл-жерди коргоо үчүн кан майданга аттанышкан. Бул тууралуу Жумгал районунун акими А.Исагулов бүгүн, 9-Май - Жеңиш майрамында райондук аянтка чогулган ардагерлерди куттуктап жатып маалымдады. Анын айтымында, алардын ичинен 2000ден ашык жоокер курман болуп, дагы 470 жоокердин дайыны билинбей калган. Маалыматка ылайык, аталган райондо Жеңиш майрамын белгилөөгө быйыл Улуу Ата Мекендик согуштун 15 ардагери катышып жатат, былтыр алардын саны 20 болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан