ЖЫЛНААМА, 3-МАЙ: "Буратинонун жоруктары", "Питер Пэн", "Кызыл топучан" тасмаларын жараткан советтик режиссёр Леонид Нечаев 78 жыл мурун төрөлгөн

Мындан 78 жыл мурун, 1939-жылы 3-майда советтик кинорежиссёр, Орусиянын Эл артисти Леонид Нечаев Москвада жарык дүйнөгө келген. Ал 1967-жылы Бүткүл орусиялык мамлекеттик кинематография институтун аяктаган. Кичинекей кезинен атасынан айрылып, 15 жашында жүк ташуучу болуп иштеп, үй-бүлөсүн багууга жардам берген. 1974-жылдан тарта белгилүү советтик балдарга арналган фильмдерди тарта баштаган.

Леонид Нечаев “Буратинонун жоруктары”, "Кызыл топучан кыз", "Эквилибрист", "Питер Пэн", "Таттуу жомок", "Дюймовочка" жана башка балдарга арналган тасмалары менен белгилүү болгон. Режиссёр 2010-жылы 23-январда 70 жашында каза болгон.

3-майга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан