Өз өмүрүн кыйган жоокерлерге да камсыздандыруу каражатын төлөө сунушталды

Бүгүн, 3-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында аскер кызматкерлеринин өз өмүрүнө кол салуусу кызуу талкууга алынды. Бул маселе боюнча акыйкатчы Кубат Оторбаев Кыргыз Республикасынын "Аскер кызматкерлери жана аскер кызматы үчүн чакырылган аскерлерге мамлекеттик саламаттыкты сактоо жана камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. Ага ылайык, өз өмүрүн кыйган жоокерге да мамлекет камсыздандыруу акчасын төлөйт.

Депутат Алмазбек Баатырбеков өз өмүрүнө кол салган жоокерлердин жабылып калган кылмыш иштерин карап чыгуу керектигин билдирди. Ошондой эле Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу аймагындагы аскер кызматкерлеринин жана аскер кызматын өтөп жаткан жоокерлердин тамактануусу тууралуу маселе каралды.

Мындан сырткары, акыйкатчынын докладында, 99 аскер орто билимге толук ээ эмес экенин билдирсе, 216сы орто билимдүү экенин айтышканы жазылган.

"Армияда окуганды, жазганды билбеген аскерлер бар. Алардын орто билими тууралуу аттестаты бар. Анда суроо жаралууда: кандай жол менен 9-классты бүткөндүгү тууралуу документ алышкан? Аскер кызматына чакырылгандардын документтерине ылайык билимин текшерүү үчүн комиссияга Билим берүү министрлигинен өкүл чакыруу керек", - деп жазылат докладда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kroxa
2017-05-03 19:40:33
Оз омурур кыйбайт да,аскерде кыйноо болбосо,,толонсун компенсация ошол аскердик болук толоп бериш керек, ошондо жакшы козомол болмок ар бир олгон солдат учун аскердик болук 1 миллион толонсун деп койсо..
+4
Gena1
2017-05-04 08:26:25
Kroxa, негизинен туура. Бирок, ошол оз омурун кыйганга жеткирбей алдын алса туура болмок экен.
0
Kroxa
2017-05-04 09:45:19
Gena1,алдын алган чара корулбой канча жоокерлер ар кандай окуя менен курман болуп жатышат ата энесине жардам катары эч нерсе толошпойт..андан коро ар бир солдаттын олуму учун милдеттендирилсе аскер башчылары тартипти карап калышат беле???аттин кана алдын алып олбой эле койушса..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан