Мындан 43 жыл мурун, 1974-жылы 3-майда белгилүү ырчы Салима Балтаева төрөлгөн. Ырчыны өздүк майрамы менен куттуктап, байланышканыбызда SUPER.KG порталына ыраазычылыгын билдирип, бүгүнкү туулган күнүн үй-бүлөсү менен тоо коюнунда өткөрүп жатканын айтты.
“Үй-бүлөм, бир туугандарым менен эс алганы жаратылыш коюнуна келдик, шишкебек бышырып, ынтымактуу отурабыз. Мен туулган күндү аябай укмуштуудай деле өткөрбөйм. Кечинде тоюм бар, концертке барам. Чыгармачыл адамдын туулган күнүндө ушундай да болуп калат. Биз жадакалса башка өлкөлөрдө иш сапар менен жүрүп деле туулган күндү өткөрүп кала беребиз”, - дейт Салима Балтаева.
Белгилей кетсек, Салима Балтаева 1974-жылы алыскы Алайдын Жошолу деген айылында төрөлгөн. Бала кезинде жайлоодо көчүп-конуп жашап жүрүп жаратылыш менен тыгыз байланышта чоңойгон. Ырчы болуп калышына табияттын берген таасири зор болгонун айтып келет. Анткени суунун дабышынан, күндүн бүркөлгөнүнөн, дарактардын термелишинен өзгөчө, кулакка жагымдуу обондорду укчу. Салима Балтаева бала бакчага барганда эле ырдачу. Мектепте жакшы окуп, мугалим же ырчы болууну каалачу. А.Малдыбаев атындагы Опера-балет театрына барып, ошол жактан опера жаатында билим алып, андан соң Улуттук консерваторияга тапшырган. 2 жыл опера-балетте, 5 жыл консерваторияда, кайра 2 жыл консерваториянын аспирантурасында болуп, 9 жыл окуган. Кутман Жолдошев, Орозгүл Токторбаева, Майрамбек Осмонов, Чырмаш Төрөбеков менен дуэт ырдаган. 2007-жылдан бери “Достор” тобунда ырдап келет.