Куткаруучулар Аюу айылындагы жер көчкүнүн астынан дагы 2 кыздын жансыз денелерин табышты

Куткаруучулар бүгүн, 3-майда саат 17:40та Аюу айылындагы жер көчкүнүн астынан дагы 2 кыздын денелерин табышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Алар 2003-жылы жана 2007-жылы туулган кыздар экени маалымдалат. Ал эми жер көчкүнүн астында калгандардын болжолдуу тизмесине ылайык, алар Азиза Назирбаева (2003-жылы туулган) жана Умида Назирбаева (2007-жылы туулган) болушу мүмкүн.

Эскерте кетсек, буга чейин 5 жансыз дене табылган. Бүгүн Заргер айыл аймагынын башчысы Динмухаммед Бокошов Аюу айылында жер алдында калгандарды издөө, түшкөн жер көчкүнү казуу иштери токтотулганын билдирип, ӨКМнын бир нече кызматкери суранычтар менен издөө иштерин улантып жатышканын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
scorp
2017-05-03 19:26:00
жакшы жакшы дагы издей бергиле, башка элге уят болбойлу оздорунун элин издебей таштап салышты деген соз болбосун.
+13
Kroxa
2017-05-03 19:26:57
Мына дагы табылаттыр..сурангыла дагы аракеттенсе чыгып калаар..
+13
maks83
2017-05-03 21:58:43
рахмат тапкан балдарга
+5
melis.kg
2017-05-03 22:44:25
Иии байкуштарым шейт кеттинер го жайынар жанаттан Берген болсун Аллахым
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан