Бүгүн, 3-майда Бишкектеги кинотеатрлардын биринде жаш балдарга арналган, жаш-кары бирдей сүйүп көргөн "Керемет көч" көрсөтүүсүнүн каармандары Актан менен Акылай 10 жашка толгонун белгилешти. Кеченин урматына жаш бөбөктөр үчүн столго мультфильм каармандарынын сүрөттөрү түшүрүлгөн таттуулар, даамдуу азыктар коюлду.
"Керемет көч" долбоорун каржылап келген Юнисефтин Кыргыздагы жетекчиси Юкиэ Мокуо долбоордун 20 жылдыгында кездешели деп буларды билдирди.
"Биздин бардык эмгегибиз балдар үчүн. Долбоор өз көрүүчүлөрүн таап, ийгиликтүү болгону кубандырат. Буюрса, 10 жылдан кийин 20 жылдыгын көңүлдүү белгилейбиз деп ниет кылабыз", - дейт.
Ал эми 10 жашар Амина "Керемет көчтү" 3 жашынан тарта көрөрүн айтат. "Аябай кызыктуу мультфильм, кичинекей кезимден калтырбай көрөм. Айрыкча Акылайдын сулуулугу, акылдуулугу жагат", - деп билдирди.
Кечеде балдарга мультфильмдин эки сериясы көрсөтүлдү.