Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 9-майда Жеңиш майрамына арналган салтанатта куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып, бул майрамдын мурдагы СССР үчүн болгон жалпы маанисин айтып өттү. “Ооба, азыр баягы Советтер Союзу деп аталган бириккен, чоң өлкө жок. Бирок биз Орусия менен, башка боордош өлкөлөр менен башыбыздан бирге өткөргөн окуялар тарыхыбызда, жүрөгүбүздө сакталып калат”,- деди өлкө башчы. “Эми бүгүн, биздин жалпы Жеңиш күнүбүздө кыргызстандык Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин дарегине Орусиянын президенти Владимир Путиндин өтүнүчү менен анын ыраазычылык сөзүн жеткирип коёюн”,- деп кошумчалады Алмазбек Атамбаев.