ЭЛДИК ВИДЕО: Үй тапшырманы аткарбаган окуучулар мугалимден катуу тил угушту

"Элдик видео" бөлүмүнө "Үй тапшырманы аткаргыла, балдар" деген видео жүктөлдү (ник: gul-jana2).

Анда болгон окуя кайсы окуу жайда, качан орун алганы, ким тартканы айтылган жок. Видеодо мугалим окуучуларын үй тапшырманы аткарбаганы үчүн "акмак", "мерзавка" деген сыяктуу орой сөздөр менен урушууда. "Эмне үчүн талтайып отурасың?! Акмак... Кимге келгениңерди силер билбейт экенсиңер, мен силерге ушундай жашоону көрсөтөм", - деп коркутуп-үркүтөт мугалим.

Андан соң ал дунган улутундагы окуучуга келип, улутуна асыла баштайт. "Дунгандарды билбейт дейсиңби? Күйөөм дунган. Аларды жакшы билем. Мен сага жыргал жашоону көрсөтөм. Сенин ата-энеңди бүт Дунганияга уят кылам. Кыргыз жергесинде дунгандар аз, сенин эшек экениң бир мүнөттө бардык дунгандарга жетет. Дунгандар ушакташканды жакшы көрүшөт. Эркектери аялдарынан калбайт", - дейт мугалим.

Видеону көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
Tansuluu09
2017-05-03 21:35:00
Мугалимдер да окусун дейтта
Озубузго эле пайдаго
Тапшырманы аткарбай барса урушат
+12
aydinnur
2017-05-03 22:26:41
түшүнгөн кишиге мугалимдин жаны күйүп айтып атканы көрүнүп турбайбы....видеонун астына макала жазган иним катуу кетиптирсиң го)))мисалга мен ал жерден оройлукту эмес,жан күйүүнү,эмгеги текке кеткенине ызаланган мугалим эжекебизди көрүп атам...
+12
Aruwka.89
2017-05-03 23:20:43
aydinnur, туура эмгегине куйуп айтып атат
окуучулар эле эмне аппак бекен ошого жеткизип коюшту да ошол мугалимдин ордуна озунордун Апанарды коюп коргулочу!
+1
Azatbek83
2017-05-04 00:31:19
Aruwka.89,сен aydinnur жазганды жакшылап окусан анан жыйынтык чыгар кечиресин
0
Aruwka.89
2017-05-04 01:05:45
Azatbek83,жакшылап окуп анын жазгандарын туура деп ойлойм
анан оз оюмду кошумчаладым эмнесин тушундургун келип атат
+3
Aruwka.89
2017-05-04 01:09:16
Azatbek83, менимче сен тушунбой калгансынго
Бул жерде эч кандай тушунуксуз соз жок
0
Piligrim
2017-05-03 23:27:46
Мугалим эн туура кылат, мындай галдир окуучуларды башына уруш керек. Бизди 2000 жылдары мугалимдер кок чувук менен урса, линейкада директор укаска менен башыбызга урчу. Арызданбайт болчук, бирок окуйт элек, урат деп.
Мектеп убагында мугалимдер окуучуларга ата- эне болот. Окубаса, тил укпаса урсун, мен колдойм. Бекерден кыргызда мугалимдерге "Эти сеники, соогу биздики" деген соз чыккан эмес. Мугалим азамат экен.
+10
Azatbek83
2017-05-04 00:20:17
Мугалимде айып жок байкуш мугалимдер аз айлык алганына карабастан окуучуларды жакшы билим алсын деп арекет кылышат.Айлык аз не болсонор ошо болгула десе эмне демек эленер жакшылап окушуп билим алышса оздоруно жакшы эмеспи.
+1
Aruwka.89
2017-05-04 00:29:37
Суйунуп суйунуп кана окусанар алтындай убакытынар отуп атат
Аттин силер тушунгонунордо кеч болотда!
+4
terabait
2017-05-04 01:09:47
Ашыкча эч нерсе жок баары норма себеби өзүнүн окуучуларына жана өзүнүн профессиясы үчүн күйүп жатат кана калган мугалимдер калган мугалимдер да ушундай мамиле кылса өзүнүн кесибине ,болгону публикага чыгып кетсе бир аз педагогикага сыйбаган ороюраак мамилиси жөнүндө талкуулабаса эң жакшы деген баа бермекмин ,эгер ушул мугалим өзүнүн кесиптик окутуу усулу үчүн жооп берсе мен анын кесиптик укукугун коргоо боюнча бекер юридикалык кеңеш берүүгө даярмын
+1
kaisaarmyn
2017-05-04 02:22:51
Чындыгында мугалим куйуп эле кетет да канча окутуп тапшырма берсе кайра эле ошол бойдон келсе ашкабак баштарга.
+2
sabyr86
2017-05-04 03:44:45
Мугалимге медаль бериш керек,мындай мугалим жок азыр.бул эжей дагы бир нерсе үйрөнүп алсын деп атат.болбосо башын оорутуп не кылат,келип кетип айлыгын алып,экзамендерде акча алып өткөзүп коюп жүрө берсе болот.
0
sabyr86
2017-05-04 03:46:03
Тартып алгандардын уяты жок сабакты окубай келгени аз келгенсип дагы мугалимди жаман көрсөтүү аракетин көрүптүр.
+2
zarlyk2211
2017-05-04 03:56:33
Мынтип мугалимдердин жолун бууй берсек. Келечек муун сабатсыз болот.
+2
barakcha
2017-05-04 08:29:51
Бироонун баласын чекеге чертмек турсун катуу соз айтып урушканга эч кимдин акысы жок!Мугалим жакшы соз менен тушундуруп окутуш керек.Окута албаса мектепке эшек такалаганы келеби?Мындай мугалимдер балага билим бергендин ордуна психикасын бузуп,акыры суицидке туртушу мумкун.Азыркы балдарды илгеркилерге салыштырбаш керек.
-2
meni_kut
2017-05-04 09:55:58
barakcha,Бизди да сабап окуткан мугалимиме рахмат айтам азыр.Мугалим туура кылыптыр,куйуп айтып жатат.
0
Eleko
2017-05-04 10:10:11
Озун срочно психиатрга жибериш керек экен.Мектепте карып ушинтип алжып калган мугалимдер толтура иштешет,пенсияга чыкса деле кетпей же жаш мугалимдерге местасын бошотпой.Бизде мугалимдин окуучуларга кылган мындай мамилесин коро берип нормага айланып калганын бул жерде комменттерди окуп эле билсек болот экен,ушундай адамды маскарлап,басынтып соз айтуу биздин улутка нормага айланган,тим эле баарын мугалимди колдоп,тушунуктуу,культурный болуп куйгузбогулочу адамды.
-1
admin_superstan
2017-05-04 10:18:46
bosmos777, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү сайттын жетекчилиги өчүрүү менен кошо колдонуучуну порталдан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер portal@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
0
Gupa
2017-05-04 10:43:19
Талапты катуу койсун, талап кылсын, окугула деп урушканы, болуптур, туура болсун. Бирок методикасы туура эмес, башкачараак жолун тандаса болмок. А тили эженин манерасы, адаты эле окшойт, сыягы. Бар го өзүнөн-өзү оозунда даяр сөздөрү бар, бирок ал нерсени аткарайын, жасайын деген деле ою жоктор.
0
waiting
2017-05-04 11:06:57
Бизде деле ушундай корунуш,жалкоолордун заманы болуп кетти..Окунучтуу.((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан