Кыргыз мамлекетин даңазалаган "Кош келиңиз" тасмасы бүгүн, 3-майда Бишкектеги "Манас" кинотеатрында тар чөйрөдө көрсөтүлдү. Ага белгилүү эстрада жылдыздары, актёрлор жана башка маданият өкүлдөрү катышышты.
Бет ачар сюрприз менен коштолду. Анда фильмдин режиссёру Медербек Жалилов калың элдин алдында сүйүктүүсүнүн колун сурап, макулдугун алды. Бет ачарга келген көрүүчүлөр залга батпай, аягында тартуучу топту жана актёрлорду кол чаап кубатташып, тасманы жылуу кабыл алышты. Салтанаттуу иш-чара ырчы Аяна Касымованын сахнадагы чыгармасы менен жыйынтыкталды.
Белгилүү ырчы Самат Дөөлөтбаков фильм тууралуу: "Кинодо "Маш ботой" күүсүнүн жаңырышы, Кыргыз жеринин кооздугунун чагылдырылышы жана башка көрүнүштөр жакты. Александр Головиндин тасмага тартылганы биздин өлкөбүздү орус элине дагы жакшы жактан таанытат. "Кош келиңиз" кыргыз элинин жөнөкөйлүгүн, кичи пейилдигин көрсөткөн, патриоттуулукка үндөгөн мыкты тасма болуптур", - деген оюн билдирди.
Кинокомедияда Нью-Йорктогу ири компаниянын ээси өзүнө жакпаган болочок күйөө баласынан кутулуу үчүн ага туристтик жолдомо алып берип, Кыргыз мамлекетине жөнөтөт. Анын кайра кайтып келбеши үчүн артынан дасыккан киши өлтүргүчтү жиберет. Ошентип Кыргыз жеринин кооздугуна көзү тойбой эс алып жүргөн Александрдын өмүрүнө коркунуч туулат.
Тасмада башкы ролдордо Александр Головин, Бектемир Мамаюсупов, Азат Кусеинов жана башкалар ойношкон.
Белгилей кетсек, аталган фильмде орус актёру Александр Головин башкы ролду жараткан. Ал бүгүнкү журналисттер менен болгон жолугушууда Кыргыз мамлекетинин меймандостугун, улуттук суусундугун жактырганын билдирген. Ошондой эле ал Кыргыз өлкөсүнүн башка аймактарына дагы саякат жасап, эс алып кетүүнү пландап жатканын, кыргызча "базар жок" деген сөздү үйрөнүп алганын айткан.
Тасма 4-майдан тарта өлкөбүздөгү бардык кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт.