Бүгүн, 3-майда Бишкектеги кинотеатрлардын биринде "Керемет көч" көрсөтүүсү 10 жылдыгын белгиледи. Анда Акылайдын үнүн коштогон Адеми Кулмамбетова 9 жашынан тарта мультфильмде үн коштоп келе жатканын айтат.
"Мен алгач сынакка келгенде өтөм деп ойлогон эмесмин. Жок дегенде экинчи ролдогу каармандарга үн коштосом деп кыялданган элем. Кийин мени баш каармандын үнүн коштоого алышты. Алгач улуулар каармандар менен кандай иштөө керектигин үйрөтүшкөн.
Мектепте мени Акылай деп чакырышчу, азыр университетте "Керемет көч" долбоорунда иштегенимди билишпейт", - дейт Адеми Кулмамбетова.
Ал борбор калаадагы жогорку окуу жайлардын биринде лингвистика факультетинде окуп жатканын, келечекте өзүн актриса катары көрө албасын кошумчалай кетти.
Ал эми Актан, Акылайдын образы аркылуу көпчүлүккө таанылышкан "тамашоучулар" Эмил Эсеналиев менен Самат Эркинбек уулу бир ооздон көрсөтүү алардын чыгармачылыгына оң таасирин тийгизгенин айтышты.
"Керемет көчтүн" 10 жылдыгы кут болсун! Бул көрсөтүү биздин чыгармачылыгыбызга жакшы таасир эткен. Эң алгач эл алдына Актан, Акылайдын ролун ойноп чыкканбыз. Азыр да көпчүлүк ошол тамашаларды аткарып берүүбүздү суранышат. Андыктан мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, долбоордун жаратуучуларына ыраазычылык билдирип, мындан ары да көп ийгиликтерди багынта беришине тилектешпиз", - дейт Самат Эркинбек уулу.