Бүгүн, 3-майда АФК Кубогунун “D” тайпасында Бишкектик “Дордой” Балканабад шаарында түркмөндүк “Алтын Асыр” менен беттешип, оюнда 3:0 эсебинде жеңилип калды.
Оюн эсебин 14-мүнөттө "Алтын Асырдын" оюнчусу Алтымурад Аннадурдыев ачты. 3 мүнөт өтпөй катардык калыс "Алтын Асырдын" пайдасына пенальти ыйгарды, аны Арсланмурат Аманов ийгиликтүү аткарып эсепти 2:0 кылды.
33-мүнөттө "Дордойдун" коргоочусу Курсан Шаратов экинчи сары айып кагазын алып оюндан четтеди. Аманов пенальтиден эсепти ири кылып үй ээлери жеңишке жетишти.
Бул жыйынтык менен "Дордой" тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.
Эске салсак, буга чейин оштук "Алай" командасы да өз талаасында тажикстандык "Истиклол" менен болгон оюнда 4:1 эсеби менен жеңилип тайпадан чыгуу үчүн күрөштү токтоткон.