Нью-Йоркто өтүүчү түрк тилдүү элдердин парадына кыргызстандыктар да катышышат

18-майда саат 12:00дөн 15:00гө чейин АКШнын Нью-Йорк шаарында өтө турган түрк тилдүү элдердин парадына кыргызстандыктар да катышат. Бул тууралуу “Kyrgyz Club” бирикмеси билдирет. “20 жылдан бери өткөрүлүп келген бул иш-чара Нью-Йоркто өтүүчү көрүнүктүү окуялардын бири болуп саналат. Парадга катышуучу кыргызстандык 100 атуулга Кыргызстандын желеги түшүрүлгөн жана “Кыргызстан” деген жазуусу бар кызыл футболкалар акысыз берилет. Ошондой эле каалоочулар улуттук кийим кийип келсе да болот”, - деп билдирет аталган бирикмеден. Ал эми парадга күбө болууну каалагандар саат 11:00дө Madison Ave & 52 St. дареги боюнча келишсе болот.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан