Популярдуу украиналык ырчы Анастасия Каменских 30 жашка чыкты. Ал 1987-жылы 4-майда Киевде жарык дүйнөгө келген. 2006-жылы "Потап жана Настя" дуэти түзүлүп, Анастасия Каменских анда ырдап калгандан кийин болуп көрбөгөндөй ийгиликтерди багындыра алган. 2008-жылы ырчылар актёр катары "Кызыл топучан" музыкалык тасмасына тартылышкан. Мындан тышкары алар кечелерде жана башка салтанаттуу иш-чараларда алпаруучулук кызматты аркалашат.
Жеке жашоосу
Ырчы студент кезинде Владимир Дятлов аттуу жигит менен таанышып, сүйүү мамилесин курган. Көп өтпөй сүйүктүүсү Киев шаарынан башка аймакка окуу боюнча которулуп кетип, экөө бири-биринен алыстай түшкөн. Анастасия Каменскихтин өзү менен чогуу ырдаган Потап менен сүйүү мамилесинде экени, жакында экөөнүн үлпөт тою боло турганы эл арасында, айрым басылмаларда айтылып келет. Бирок ырчылар бул тууралуу эч кандай маалымат беришкен эмес.