9-май күнү Жалал-Абад - Сузак унаа жолунда Мерседес жана Тико унаалары кагылышып, кырсыктан бир адам көз жумду. Тактап айтканда, Тико унаасында бара жаткан Жалал-Абад облусундагы телеканалдардын биринин журналисти Жазгүл Каракозуева аймактык ооруканадан көз жумду. Ал эми аталган унаанын айдоочусу менен дагы 2 жүргүнчү оор абалда экенин Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, журналист кыз Ноокен районунан, кызматынан убактылуу четтетилген вице-премьер-министр Шамиль Атахановдун атасынын эстелигинин ачылышынан келе жаткан. Ал эми Мерседес унаасынын айдоочусу, 1962-жылы туулган Дамир аттуу Бишкек шаарынын тургуну учурда камакка алынып, тергөө ишинде суралып жатат.