Мындан 88 жыл мурун, 1929-жылы 4-майда атактуу англиялык актриса Одри Хепбёрн Бельгиянын Брюссель шаарында төрөлгөн. Аны көпчүлүк актриса жана фотомодель катары таанышат. 1953-жылы "Римдеги эс алуу" тасмасында жараткан ролу үчүн "Оскар", кийин ошол эле эмгеги үчүн "Алтын глобус" сыйлыктарына арзыган актриса капыстан оор дартка (жоон ичегидеги шишик) кабылган. 1992-жылы 1-ноябрда ага операция жасалып, бирок операция, көпкө созулган дарылануулар да эч жардамын берген эмес. Ошентип таланттуу актриса 1993-жылы 20-январда 63 жаш курагында көз жумган. Ал кинодогу акыркы ролун режиссёр Стивен Спилбергдин "Дайыма" фильминде аткарган.
Жеке жашоосу
Одри Хепбёрн "Сабрина" тасмасында аны менен бирге роль жараткан актёр Уильям Холден менен кыска убакыт сүйүү мамилесинде болгон. 1954-жылы актёр жана режиссёр Мелом Феррерге турмушка чыгып, 6 жылдан кийин Шон деген уулдуу болушкан. 1968-жылы түгөйлөр ажырашып кетишкен. 1969-жылы актриса италиялык психиатр Андреа Доттиге баш кошуп, андан Люк аттуу уулдуу болгон. Күйөөсүнүн анын көзүнө чөп салуусунан улам жубайлар 1982-жылы эки ажырым жолго түшүшкөн. Одри Хепбёрн 50 жашында голландиялык Роберт Уолдерс аттуу голландиялык актёрду жолуктуруп, аны менен өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин бирге болгон.
4-майга карата жылнаама.