Бишкекте Куралдуу күчтөрдүн коомдук кеңешинин мүчөлөрү "Семетей" аскердик мейманканасынын сатылышына каршылык билдирип бүгүн, 4-майда маалымат жыйын өткөрүштү.
"Биз Куралдуу күчтөрдүн коомдук кеңешинин мүчөлөрү "Семетей" аскердик мүлктүн сатылышына каршыбыз. Мындан улам биз бийлик башындагыларга маалымат жеткирүү максатында жыйын өткөрүп жатабыз. Ал тургай өлкө башчысына, шаар мэрине кайрылуу жасап жатабыз. Ал мейманканада чет элден келген аскердик сыйлуу коноктор кабыл алынат. Мында аскердик поликлиника бар. Жакында эле учак кырсыгында жабыркагандар көп убакытка жашашты. Бул мейманкана мамлекетке кызмат кылып жатат", - деди Анвар Сартаев.
Маалыматка ылайык, быйыл Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөнүнүн 25 жылдык юбилейи белгиленет.
"Биз куралдуу күчтөрдүн мүлктөрүн сата берсек Эл аралык деңгээлибиз төмөндөп кетет. Мүлктөрүбүз сатыла берсе мекенди ким коргойт? Мындай аракеттер билинбеген менен коопсуздугубузга доо кетет", - деди коомдук кеңештин мүчөсү Кубат Кожоналиев.
"Биз миңдеген ардагерлердин атынан өлкө башчыларына кайрылабыз. Ошондой эле сатууга каршы чыккан демилгелүү топту Сапар Исаков жана башка өлкө тагдырын чечүүчүлөр кабыл алышын суранат элек", - деди Баткен согушунун ардагерлеринин төрагасы Сатыбек Молдалиев.