2012-жылы жумушсуздардын ичинен 6514 адам кесиптик окутууга жана кайра окутууга жиберилген. Бул тууралуу 2012-жылы аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча өкмөттүн отчётунда жазылган. Бул көрсөткүч 2011-жылга караганда 24 пайызга же 2080 адамга аз. Кесиптик окутуудан кийин ишке орноштуруу 87 пайызды түзгөн. Алардын 62 пайызы жаштар.