Алматыда өткөн "Жаш талант" музыкалык сынагында 10 жаштагы Биназир Алмасова 2-орунду багынтты

Казакстандын Алматы шаарында 1-3-май күндөрү өткөн "Жаш талант" музыкалык сынагында Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектептин 3-классынын окуучусу Биназир Алмасова пианинодо ойноп, 2-орунду багынтты. Бул тууралуу SUPER.KG`ге бүгүн, 4-майда анын апасы Назгүл Молдогазиева билдирди.

"Сынакка Кыргыз өлкөсү, Казакстан, Орусия, Кытайдан келген таланттуу жаштар катышышты. Сынак мыкты деӊгээлде өттү, уюштуруучулар балдарга абдан жакшы кам көрүштү. 1-май күнү сынактын ачылышы болсо, 2-майда сынак өтүп, сынактын үчүнчү күнү гала-концерт жана катышуучуларды сыйлоо менен жыйынтыкталды", - дейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
12.12.12
2017-05-04 13:20:31
Азаматсын. Келечегин кен болсун.
+1
Nur0701
2017-05-04 13:54:41
Азаматсың ширин кыз
+1
ekaterinburg
2017-05-04 14:32:51
Ойногон жеринен узунду жокпу?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан