Алмамбет Шыкмаматов Өзгөндө жер көчкүдөн каза болгондорго 2-3 күн мурда эскертүү берилгенине ишенбей турганын айтты

Бүгүн, 4-майда Жогорку Кеңеш өкмөттүн Өзгөндөгү кырсык тууралуу маалыматын угууда. Анда "Ата Мекен" фракциясынын лидеринин милдетин аткаруучу Алмамбет Шыкмаматов жер көчкүдөн каза болгондорго 2-3 күн мурда эскертүү берилгенине ишенбей турганын айтты.

"Маалымат каражаттарында жакындарын жоготкон адам ыйлап, жергиликтүү бийликтегилер жер көчкү болот деп айтпаганын билдирип жатат. Мен жеке ошол адамга ишенем. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү, президент эскертүү берилди деп туура эмес маалымат берип жатышат. Бул боюнча Башкы прокуратура тарабынан текшерилиш керек. Эртең башка аймакта жер көчөт, үйүңөрдү басат десе адамдар "өлсөк өлөлү" деп жата бермек беле? Ошондуктан 2-3 күн мурун эскертүү болгон дегенге мен жеке ишенбейм. Баягы эле кайдыгерлик, шалаакылык мамиле болгон. Ал жерге келип массалык түрдө көчүрүш керек эле. "6 ай мурун ссуда бердик" деп документтерди иреттеп койдуңар. Жылдын башында авиакырсык болду. Кантип акжолтой өкмөт болдук деп айтасыңар? Силерди атайын кылды деп күнөөлөбөйбүз, бирок кайдыгерлик мамиле болгону көрүнүп турат. Каза болгон адамды күнөөлөгөндү токтотолу, арбагын сыйласак", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
cico
2017-05-04 12:58:18
Шыкмаматов өзүнү ким ойлоп жатат ишенбейм десе эмне болуптур
-10
Tansuluu09
2017-05-04 13:15:04
Бири бирине ишенбей жатышат керек болсо ошол айыл башчыдан баштап оооо депутатарга чейин жоопко тартылыш керек

Бири бирине куноону койбой
+3
eduardali
2017-05-04 13:27:07
Эскертүү бергени жалган. Жоопко тартылгсы келбей жатат айыл башчылары.
+3
Best.bakyt
2017-05-04 13:31:22
Эй Шыкмаматов дегенозу ким болгон. Бийликтин арыгын чаап, кой оозунан чоп албас момун болуп журуп эле,жумуштан алып салса оппозицияга кире калып опурулуп баатыр болуп чыга келет.
-5
Makain
2017-05-04 13:53:45
Шыкмаматтын баласы калп эле сайрап жатат эптеп эле Атамбаевди к уноолуу кылыш керек. Сен деле кара жолтой парламент болуп отурасынго. Ар нерсени былжырап
-1
mirkaa5182
2017-05-04 15:07:44
Шыкмаматов туура эле айтып жатат, эскертүү берүү менен чектелбей элдерди мажбурлап көчүрүш керек, жер, ссуда болуп бериш керек тез арада антпесе чечилбейт.
+1
Makain
2017-05-04 15:59:08
mirkaa5182,мажбурлаганда ал кичинекей бала эместа коч дегенде кочуп кетпейби
-1
Patriot7
2017-05-04 16:55:19
Makain, кочуш сага оюнбу?! Мына менин айылымда 2008-жылдан бери элге чек/участка берилбей келет. Элдин саны осуудо, 9 жылдан бери чекке жазылган уй-булолордун саны бир канча минге жетти. Копчулук умутун узуп чекти сатып алып жатышат. Ошол сатылып жаткан чекти бийлик жен ичинен оздоруно, туугандарына болуп берип эми сатып жатат. Элге болуп бергени келгенде чек жок!!!

Эми кочкуло деп Окмот жер болуп бербесе эл кайда кочот, айтчы, Кой-Ташка, Арашанга кочушсунбу байкуш эл?!!
0
Makain
2017-05-04 17:12:38
Patriot7,окмотто куноо эмес адамдар там салып жатканда план тузуп жердин кыртышын карап туруп малыш керек. Жерди окмотко кайрылса жер берет анан айтасын чондор болуп алды жерди деп ошол эле озунордун айылындагылар алды жерди. Же арашандан барып басып алдыбы
0
Patriot7
2017-05-04 16:59:11
Makain, Окмот, бийлик иштегени ырас болсо "коч дегенбиз" деп жаш баланын шылтоосун айтпай, мындан бир канча жыл мурун эле участка менен ссуда болуп берип, эл там салып кочуусун тездетип, кооптуу аймактардагы уй-сарайларды буздуруусу керек эле. Арасында ссуда алып жеп коюп кочпой жургондору да бар. Бул жерде Окмоттун иштебегени корунуп турат...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан