Иш менен камсыз кылуу башкармалыгы: "Бишкекте жумушсуздардын саны 7830 адамды түзөт"

Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын маалыматына ылайык, борбордогу жумушсуз жарандардын саны 7830ду түзөт. Анын ичинен 5800 жаран расмий түрдө жумушсуз макамын алып, каттоого турган.

Акыркы 3 айдын ичиндеги жалпы жумушсуздардын 64,7 пайызын аялдар түзөт. Буга байланыштуу башкармалык жумуш издегендер үчүн кезектеги жарманкени 11-майда өткөрөт.

"Бишкек Гуманитардык Университетинин имаратына шаардагы жумуш издеген жарандарды чакырабыз. Жарманке саат 10:00дө башталып, 60 ишкана өздөрүндөгү бош орундарды сунуштайт. Жарманке "жумушка орношуунун эффективдүүлүгү" деген тренингдин коштоосунда өтөт", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
kokokola
2017-05-04 15:07:09
кантип каттого турса болот жумушсуздукка? жооб жазып коюнуздарчы...
0
dina1983-19
2017-05-04 15:40:32
Бул цифра катоодон өткөндөр гана өтпөгөнү канча.
+4
ady-88
2017-05-04 16:03:46
Отпогону 300 400мин болуш керек
+5
Aiza9797
2017-05-04 16:27:20
ady-88, Балким анданда көптүр...
+3
arena2014
2017-05-04 18:56:29
Бишкек баарын жумуш менен камсыз кылып койуптурда анда жумушсуздар ушул эле болсо)))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан