Чоң-Алай районунда 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Чоң-Алай районунда 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жер титирөө бүгүн саат 12:57 чамасында катталган. Жер титирөөнүн очогу Кыргыз-Тажик чек арасында жайгашып, күчү 4 баллга жеткен.

Жер титирөө Чоң-Алай районунун Алга, Кара-Тейит айылдарында 3,5-4 балл, Кара-Мык айылында 3,5 балл сезилген.

Алдын ала алынган маалымат боюнча кыйроолор жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Kroxa
2017-05-04 14:35:42
Бул жер титироо бирди коргозчудой го кундо термелип...сак бололучу..кудай бир сактасын эл жерди..
+6
Aidani
2017-05-04 14:39:03
Чон алайлык туугандар абайлагыла ар бириниздер кыргыз эли учун керексиздер
+13
modem4999
2017-05-04 14:57:04
Абайланыздар чатыр тигип жашап турунуздар!
+7
Revolyutsiya2
2017-05-04 14:58:49
modem4999, чатыр суук, эч болбосо боз уй тигип жашап тургула.
+6
Nazaraliva.begaiym
2017-05-04 15:18:07
Эртеден бери 18 жолу тербептир дешет,ошондо, жалпы кечээки күндөн баштап 35 тен ашуун жер силкинүү болуптур. Үйлөр, оорукана жана мектептер жараксыз абалда. Бул туурасында жергиликтүү бийлик ачык айтпай, бизде абал жакшы деп жатыптыр. Эмнеге чындыкты жашырып жатышат?
+8
RusMos76
2017-05-04 15:21:38
Жакшы дагы эскилиги жеткен уйлор туруштук берип жатканын, Алла талам колдосун кыргыз элими, анан сейсмологияны акча коротуп отурбай кыскартып же жоюп эле коюш керекпи
+1
Abubakir05
2017-05-05 06:23:48
Алып барган чатырларды да бербей жатышат экен дейт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан