Бүгүн, 4-майда Жогорку Кеңеште түшкү тыныгуудан кийин 15ке жакын депутаттын катышуусунда жыйын өтүп жатат. Ал эми катталгандардын саны 76 болду.
15ке жакын депутаттын добушу менен өкмөттүн жер көчкү боюнча токтомун кабыл алуу кийинки жумага жылдырылды.
Эл өкүлдөрү бүгүнкү жыйында саат 13:20да түшкү тыныгууга чыгышкан. Тыныгууга чыкканга чейин 112 депутат каттоодон өтүп 28и гана жыйында отурду. "Эл аралык өзгөчө жардам жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү. Учурда “Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу” мыйзам долбоору каралып жатат.