СУПЕРСТАН: "Кастор майы каш, кирпик өстүрөбү?"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кастор майы каш, кирпик өстүрөбү?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Кастор майы пайдалуу өсүмдүктөрдөн, заттардан даярдалгандыгы үчүн да өтө пайдалуу. Аны сулуулук үчүн гана эмес, ден соолук, үй-тиричилиги, ал тургай тамак-аш катары да пайдаланып келишет. Алсак, ден соолугубуз үчүн, өзгөчө, ичке ичегибизге жакшы. Үй тиричилигинде бут кийим, терини ж.б. тазалоодо пайдаланып, аларды калыбына келтирип алсак болот. Чачка да пайдалуу, чачты бат өстүргөнгө жардам берет".

"Чачты экиге ортосунан бөлүп, кадимкидей чачты боёгондой сыйпасаңыз болот. Щётка менен же кол менен да кыла берсе болот. Чачтын түбүн гана майлап коюу жетиштүү. Бирок көпчүлүк кыздар чачтын түбүнөн баштап, учуна чейин майлап алышат. Майды сүйкөгөн соң башка целлофан баштык кийип, сүлгү менен ороп коёсуз, 2-3 саат турган соң, шампундап жууп алсаңыз болот".

"Майды кашка жөн гана сүртүп коюу жетиштүү болот. Ал эми кирпикке, кастор майын тушь менен аралаштырып койсоңуз жакшы натыйжа берет".

"Жасалма кирпик койдурган досторум кирпигин кайра алдыргандан кийин кастор майын коюп жүрүштү. Бир айга жакын күн сайын жатарда коюп жатты, кирпиги кайра өсүп, мурдагыдай болуп калды".

"Касторго бир ампула А, Е витаминдерин кошуп сүртсө тез өстүрөт экен".

"Эки жумадан бери бул майды мен да колдонуп жатам, каш-кирпигим сонун болуп өсүп, карарып калды. Натыйжа сонун экен, баарыңарга сунуштайм".

"Бул май табигый болгондуктан эч кандай зыяны жок жана коркпой колдоно берсе болот. Кээ бир адамдарда гана аллергия болушу мүмкүн. Ал эми пайдасы: азыктандырат, кирпик, кашыңызды көркүнө чыгарып коёт. Өстүрөт дегенине анчалык кошула албайм. Анткени андан эффективдүүрөөк майларды көргөм. Балким, кээ бирөөнүкүн чын эле өстүргөндүр. Андыктан колдонуп көрүүнү сунуштайм. Татуажга караганда өз каштарыңа кам көрүү кандай жакшы".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Ramina-malina
2017-05-04 16:25:29
Кайсыл жактан алса болот кастор майын?
+1
ekaterinburg
2017-05-04 16:40:14
Ramina-malina,бир болсо ушу кашты остуройун деген окшойсуз...
+1
Ramina-malina
2017-05-04 22:43:13
ekaterinburg,оаа бир колдонуп койсом ашыкса кылбас...
0
tavanova.sarah
2017-05-04 17:08:40
Ramina-malina,баардык эле аптекада сатат.
0
elmurat.kg
2017-05-04 16:54:31
ичсе болобу
0
tavanova.sarah
2017-05-04 17:09:58
elmurat.kg,болот, жаттарда ичип жатсаныз, анан запор болбойт, жакшы жардам берет.
+2
JanEka
2017-05-04 16:57:12
Кече бир кызды кордум эле
Бети кастрол май эле
кашын остуром деп
капкара болуп алыптыр. дегендей болуп калыптыр
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан