Брэд Питт алгачкы жолу ажырашуусу, жашоосундагы өзгөрүүлөр тууралуу айтып берди

Голливуддун белгилүү жылдызы Брэд Питт америкалык "GQ" журналынын башкы бетине тартылып, Анжелина Жоли менен ажырашып жатканы билинген соӊ алгачкы жолу үй-бүлөсү, жашоосундагы өзгөрүүлөр тууралуу ачык маек курду.

Журналдын редактору Райна Мак Гинли менен актёр Лос-Анжелестеги 1994-жылы алынган хан сарайында маектешкен. Учурда анда Брэд жалгыз жашоодо.

"Бул үй бир убакта ар дайым шаң-күлкүгө, баш аламандыкка толуп турчу. Азыр көрүп турганыӊыздай тынчтык өкүм сүрүп турат. Жалгыздыкты бош өткөрбөй көп нерсе менен алек болуудамын. Алсак, скульптура менен алектенип жатам. Бул менин көп жылдан берки кыялым болчу", - дейт актёр.

Ажырашуудан кийинки 6 айды Брэд Питт оор, кызыктай мезгил болгондугун айткан.

"53 жашка чыгып, башымдан ушундай окуяны өткөрүп жатам. Мындай учурларды жеӊип чыгуу үчүн өзүмдү жетишээрлик деӊгээлде күчтүүмүн деп ойлочумун.

Эсимде, 2,5 жылдай мурда ушундай жаӊжалды бирөө башынан өткөргөн эле. Ошондо Кудайга шүгүр, эч качан мындай окуянын бир бөлүгү болбойм деп койгон элем.

Мен өзүмдүн жашоомду жана үй-бүлөмдү сүйөм, колумдан келген бардык иштерди жасап жатам. Ал эми мыйзамга туура келбеген, ага каршы иштерди жасабайм.

Биздин маселе полицияга жана балдарды коргоо органдарына жеткенде далыма бычак сайылып, колдорум байлангандай эле болдум. Бирок кийинчерээк биз көйгөйлөрдү чогуу чечишибиз керек экенин түшүндүм. Ар бирибиз колубуздан келгенин кылдык. Бир адвокаттын "сотто эч ким жеӊүүчү болбойт. Анда кимге көбүрөөк жаман болушу керектиги тууралуу маселе чечилет" деп айтканын укканым бар. Бул сөздүн чындыгы бар. Сен өзүӊдүн актыгыӊды далилдеп, меники туура, экинчи тарап туура эмес деп жүрүп бир топ убактыӊды коротосуӊ. Муну менен эки тараптуу жек көрүүнүн пайда болушуна өз салымыӊды кошкон болосуӊ", - дейт Питт.

Ошондой эле ал ажырашуудан кийин Анжелина Жолини жек көрүп калбастыгын билдирген. Анын айтымында, алардын үй-бүлөлүк жашоосунда көптөгөн жагымдуу көз ирмемдер калган. Акыркы убактарда актёр үй-бүлөсүн биринчи орунга коюп, балдары менен көп убакыт өткөрөйүн деп жаткандыгын, аларга үлгүлүү ата болгусу келерин кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
RusMos76
2017-05-04 17:00:17
Молодец!
0
Sardarakam
2017-05-04 17:13:27
Аааа жакшы эми Кайталанбасын ?
0
solntse95
2017-05-04 17:20:00
53 жаш экенин эми билдим...
+6
mirkaa5182
2017-05-04 17:40:41
Жакшы сүйлөптүр, азамат.
0
Snejana
2017-05-04 19:19:55
Аябай арыктап, жудоп кетиптир.☺
+1
meky85
2017-05-04 19:36:42
Азамат
0
Ronaldo.99
2017-05-05 00:28:52
Ичим ачышты го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан